Марал Радиосу

Скульптор Тамила Маматовага Казакстандын «Достук» ордени тапшырылды

Жаш скульптор Тамила Маматова Казакстандын II даражадагы «Достук» ордени менен сыйланды.

Орденди ага Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөн салтанатта тапшырды. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана башкалар катышты.

Эки даражалуу «Достук» ордени Казакстандын мамлекеттик жогорку сыйлыгы болуп саналат. Ал өлкө башчысынын жарлыгы менен коомдогу ынтымакты сактоого, эки элдин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого салым кошкон Казакстандын жана чет мамлекеттин жарандарына берилет.

Тамила Маматовага бул сыйлык казактын залкар жазуучусу Мухтар Ауэзовдун бюстун чеккени үчүн ыйгарылган.

Айта кетсек, Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Ата шаарындагы үй-музейи учурда оңдоп-түзөлүп жатат. Ал эми Камила Талиеванын бюстунун ачылышы июль айында Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өтөт.