Марал Радиосу

«Акыркы коңгуроо» салтанаты быйыл өзгөчө тартипте өттү

Бүгүн, Кыргызстандын бардык мектебинде окуу жылдын аякташына арналган иш-чара өттү. «Акыркы коңгуроо» салтанаты Билим берүү жана илим министри кол коюп, бекиткен эреженин негизинде уюштурулду. Өлкө боюнча быйыл 11-классты 67 миң, ал эми 9-классты 106 миң окуучу аяктап жатат.

Быйыл «Акыркы коңгуроо» майрамы башка жылдардан айырмаланып, эки жума кеч өттү. Ага карабастан мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн маанайы жакшы. Бишкек шаары боюнча 9-классты 14 миң, 11-классты 8 миң окуучу бүтүрүп жатат. Биз аларды сөзгө тартып, кайсы кесиптин ээси болгусу келерин сурап көрдүк.

«Менин атым Мураталиева Аделина, №12 гимназияда 11-классты бүтүп жатам. Мектепти бүткөн соң, бир жыл Кыргызстанда билим алгым келет. Андан кийин чет өлкөгө окууга тапшырып, ошол жакта улантам. Ал жакта стипендия алып, грант менен окугум келет. Юрист же инженер кесибин аркалагым келет».

«Менин атым Остеев Нурсеид. Мен Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян жогорку окуу жайына, маркетолог бөлүмүнө тапшырам»

«Мен кичинекей кезимден бери эле кыялданып келген кесипке тапшырам. Мугалим болгум келет. Кыргызстанда эле окуйм».

Бүгүн «Акыркы коңгуроо» салтанатынан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, экскурсияга чыгууга Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салган. Милиция кызматкерлери өлкөнүн бардык мектебинде күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту көзөмөлдөштү.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова борбордогу мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанаты бекитилген эрежелердин чегинен чыкпай өткөрүлгөнүн билдирди.

«Быйыл Бишкекте 22 миң бүтүрүүчү бар. Башкармалык тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган. Окуучулардын коопсуздугу боюнча мектептердин администрацияларына жана мугалимдерине тапшырма берилген, окуучулар менен мектептен сырткары эч жакка барбашы жөнүндө. Эгер окуучулар мектептен сырткары ата-энеси менен чыккан болсо, жоопкерчилик ата-эненин мойнунда болот. Билим берүү министрлигинин буйругу менен «Акыркы коңгуроо» эртең менен саат 9да башталды, саат 12де бүттү».

Мектепти бүткөндөн кийин бардык эле бүтүрүүчү кандай кесиптин ээси болорун, кайсы жакта иштей турганын ойлонот. Акыркы убакта чет өлкөгө гранттык негизде билим алганы кетип жаткан абитуриенттердин саны да көбөйүүдө. Мамлекет жылына миңден ашык абитуриентти сыртка окууга жөнөтөт.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Айзада Апышева быйыл Венгрияга гранттык негизде 200 студент билим алууга барарын айтты.

«Венгрияга 100 студент бакалаврдык негизде, ал эми 30 студент магистратурага барышат. Башкача айтканда, бакалавр менен чогуу магистратураны да окууга мүмкүнчүлүк бар. Бул — узак мөөнөттүү программа. 4 жыл бакалавр, 2 жыл магистратура. 50 орун өзүнчө атайын 2 жылдык магистранттарга берилген. Мындан сырткары 20 орун докторанттарга берилди. Жалпысынан 200 орун бар. Документтерди кабыл алуу 15-январга чейин өттү. Биз атайын критерийлердин негизинде тандап алдык».

Ал эми билим берүү маселелери боюнча серепчи Венера Акматова акылдуу, билимдүү жаштардын чет жакка окууга кетип жатканы мамлекет үчүн кейиштүү тенденция деп эсептейт. Ал студенттердин чет жакка эмне себептен кетип жатканын төмөнкү жагдайлар менен байланыштырды.

«Бул тенденция акыркы мезгилде аябай күчөдү. Мунун эки себеби бар: биринчиден, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын көпчүлүгү азыркы замандын талабына ылайык келбейт; экинчиден, окуу жайды бүткөн соң, өзүнүн кесибине ылайык жашоосун, муктаждыктарын канааттандыра ала турган жумуш табышы кыйын. Муктаждыктарды канааттандырганга бизде эч кандай шарт жок. Мисалы, адеп-ахлактык, рухий жактан да, экономикалык жана каржылык жактан да шарт жок».

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 9-класстар үчүн 11-22-июнга, 11-класстар үчүн 11-23-июнга белгиленди. Салт болуп калгандай эле бул жылы да математика, кыргыз тили, кыргыз тарыхы предметтеринен милдеттүү, дагы бир сабактан тандоо түрүндө сынак тапшырышат.