Марал Радиосу

Күзүндө шахмат адистерин даярдаган борбор түзүлөт

Быйыл күзүндө шахмат боюнча адистерди даярдап чыгарган борбор түзүлөт.  Бул тууралуу Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

И. Арабаев атындагы универститетте жылына 500 бүтүрүүчү болсо, анын 100 бүтүрүүчүсүн ушул борбордон чыгаруу пландалууда. Алар менен макулдашып, Баткен, Ош, Жалал-Абад сыяктуу аймактарга жөнөтүү каралууда.

«Гранттык негизде ушундай долбоорлорду жазып, адистерди аймактарга жөнөтүү керек. Алар ошол жактагы балдарды, ата-энелерди кызыктырып, шахмат өлкө боюнча жайылат. Ушинтип кадр маселесин чечсе болот».

Бүгүнкү күндө шахмат алиппеси чыгарылып, балдарды окутууда колдонулууда.