Марал Радиосу

Футбол: Садыр Жапаров Кыргызстан-Сингапур оюнун көрдү (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров 8-июнда борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн улуттук курама команда менен Сингапурдун курамасынын футболдук беттешине барды.

Беттеш Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.