Марал Радиосу

Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын курамасынын тизмеси

Бүгүн, 8-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрөт. Беттеш футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

Сингапурга каршы ойнойт турган Кыргызстандын курамасынын тизмеси аныкталды:

Чабуулчулар:

Мирлан Мурзаев,
Эрнист Батырканов,
Абай Боколеев,
Бекназ Алмазбеков.

Жарым коргоочулар:

Бекжан Сагынбаев,
Турсунали Рустамов,
Муролимжон Ахмедов,
Бахтияр Дуйшобеков,
Кайрат Жыргалбек уулу,
Фархат Мусабеков,
Алимардон Шукуров,
Гулжигит Алыкулов,
Одилжон Абдурахманов,
Эрбол Атабаев.

Коргоочулар:

Александр Мищенко,
Кайрат Изаков,
Християн Браузман,
Виктор Майер,
Валерий Кичин,
Тамирлан Козубаев.

Дарбазачылар:

Валерий Кашуба,
Калыс Акималиев,
Эржан Токотаев.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен ойнойт.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт. Кыргызстан — Сингапур оюну бүгүн кечки саат 20:00дө башталат. Стадиондун дарбазалары саат 19:00дө ачылат. Ар бир билетте бир адамга гана жарактуу QR-код бар.