Марал Радиосу

УКМК: Чет элдин жараны кылмыш үстүнөн кармалды

Чет элдик жаран кылмыш үстүнөн кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын кызматкерлеринин атайын операциясы учурунда ири өлчөмдө нашаа сатууга аракет кылып жаткан адам колго түшкөн. Текшерүүдө анын чет элден келгени аныкталып, жанынан 2 килограмм 980 грамм гашиш табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 382-беренеси (баңгизатты, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен иш ачылып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.