Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 9-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +34…+36 градус болот.