Өлкө аймактарында аялдар кеңешинин иши жанданып, аларга ар кандай көйгөй менен келген кыз-келиндер көбөйүүдө. Бул тууралуу «Аялдарга жардам» борборунун аткаруучу директору Бакен Досалиева маалымат жыйында айтты. Борборго көбүнчө зомбулук, эрте турмушка чыгуу, ала качуу, сабатсыздыкты жоюу маселелери боюнча кайрылышат. Учурда мекеме Ош, Чүй жана Нарын облустарында активдүү иш алып барууда. Кыз-келиндерге кандай жардам көрсөтүлөт?
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймактарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укугу жеткиликтүү корголбой жатканы курч маселе бойдон калууда. Буга байланыштуу «Аялдарга жардам» борбору БУУнун «Теңдик нуру» долбоорунун демилгеси менен биргеликте гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш жүргүзүүдө. Аталган борбордун аткаруучу директору Бакен Досалиева алыскы аймактарда аялдар кеңеши расмий иш алпарып жатканын айтты. Ошондой эле ал долбоор аркылуу аялдар кеңешинин мүчөлөрү кандай даярдыктан өткөнү тууралуу сөз кылды.
«Аялдар кеңешинин мүчөлөрү үч баскычтан турган окуу курсунан өтүштү. Анда мамлекеттин мыйзамдары, өзгөчө гендердик теңчилик боюнча мыйзамдар, тынчтыкты орнотуу, коопсуздуктун алдын алуу боюнча кантип иштөө керектиги тууралуу өздөрүнө көптөгөн маалыматтарды алышты. Аялдар кеңешинин кабыл алган жобосу айыл өкмөтү тарабынан бекитилди. Мындан сырткары иш пландарды кабыл алышты. Жалпылап айтканда, аялдар кеңеши жаңы кадам, жаңы багыт менен ишти баштады».
Кара-Суу шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Дилфуза Атабаева белгилегендей, буга чейин эрте турмушка чыгуу жана ажырашуу боюнча Кара-Суу району биринчи орунда болчу. Азыр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып баруунун натыйжасында жыйынтыктар бар.
Мындан сырткары аялдар дагы кандай көйгөйлөр менен кайрылып жатканын айтып берди.
«Кечээ бизге никеси тууралуу күбөлүгү жоктугуна байланыштуу үй-бүлөдөгү мүлктү бөлүштүрүүдөгү көйгөй боюнча бир аял кайрылды. Биз ага жардам берүүгө аракет кылдык, акысыз жардам бере турган адвокат таптык. Маселесин чечүүгө жардам көрсөттүк. Мындан сырткары мектеп бүтүрүүчүсү да кайрылды. Атасы менен агасы окуусуна каршы экен. Биз туугандары менен сүйлөшүп, көйгөйдү чечүүсүнө жардам бердик. Азыр ал мектебинде экзамен берип жатат, андан соң жогорку окуу жайга тапшырат».
Өзгөн районундагы Куршаб айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы Аминахан Калыкованын айтымында, мурда айыл жергесинде аялдар кимдир бирөөлөргө жардам сурап кайрылгандан уялып, үй-бүлөдөгү көптөгөн көйгөйлөр жабык бойдон калып келген. Учурда аларга үй-бүлөлүк чыр-чатактар боюнча кайрылгандар көбөйдү.
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка биринчи кезекте социалдык абал, акчанын жетишсиздиги, жумушсуздук себеп болууда. Үй-бүлөдөгү мамилелерди жакшыртуу максатында жубайлар менен аялдын ортосундагы мамилеге кийлигишкен туугандар, кайын энелер жана кайын эжелер, кайын сиңдилер менен сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Азыр үй-бүлөдө эркектин, аялдын жана баланын укугу кандай экенин түшүнүп калышты. Эми эл үнүн көтөрүү да зордук-зомбулук экенин түшүндү».
Учурда аялдар кеңеши боюнча 12 пилоттук долбоор бар:
Өзгөн районунун Куршаб жана Мырзаке айыл аймактары;
Кара-Суу районунун Кара-Суу шаары жана Нариман айыл аймагы;
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы жана Талдуу-Суу айыл аймагы;
Кочкор районунун Кум-Дөбө жана Семиз-Бел айыл аймактары;
Сокулук районунун Сокулук жана Жаңы-Пахта айыл аймактары;
Аламүдүн районунун Ленин жана Василев айыл аймактары.
Аялдар кеңеши үй-бүлөдөгү чыр-чатакты чечип гана бербестен, алардын андан кийинки жашоосун да көзөмөлдөп турушат.
Аялдар кеңеши тарыхый негизи бар, коомдук институт катары элге белгилүү. Ал 1925-жылы Кыргызстандагы эмгекчил аялдардын I съездинде уюшулган.