Марал Радиосу

«Ала-Тоо» аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

«Ала-Тоо» аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматты Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга 6-июнда болжол менен саат 11:00дө «Ала-Тоо» аквапаркындагы бассейнге бала сууга чөгүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу бассейнге барышып, эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткенин аныкташкан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 127- беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 297-беренесинин (керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) менен иш козголуп, соттук-экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө уланууда.