Мамлекеттик салык кызматы январь-май айларында 18 млрд 641,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.
Мекеменин маалыматына караганда, план 501,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 3 млрд 473,7 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 122,9%).