Марал Радиосу

Бишкекте миграциянын жаңы мүмкүнчүлүктөрү боюнча форум өтүүдө

Бүгүн, 7- июнда Бишкекте «Миграция жана өнүгүү: Перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы форум өтүүдө.

Форумда мигранттарды чет өлкөгө жумушка орноштуруудагы негизги көйгөйлөр сөз болуп жатат.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонния Ожиело, Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев катышууда.