5-июнда бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленди. Дүйнө жүзүндө табияттын болуп көрбөгөндөй булганганы айтылып келет. Өнөр жайдагы өнүгүүлөр, урбанизация булар адам баласын айлана-чөйрөнү коргоо темасында дагы да кылдат болууга түртүүдө. «Жер шарын коргоо үчүн эмнелер жасалса болот?» деген маселеден улам 1972-жылы Швециянын Стокгольм шаарында 5-июнь Дүйнөлүк экология күнү катары кабыл алынган.
Кыргызстанда да абанын булганышы кооптуу абалда экенин адистер айтып келишет. Өлкөдө таштанды полигону, саркынды суулар, кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлардын жок болуп баратышы учурдун актуалдуу маселеси болуп турат.
Окумуштуулардын айтымында, экологиялык кризис климаттын өзгөрүүсүнө, жаныбарлардын тукум курут болушуна, жер кыртышынын эрозиясына жана башка көйгөйлөргө алып келет.
«Жашыл Альянс» ассоциациясынын төрайымы Нурзат Абдырасулова жер үйлөргө чейин суу киргизилип, санитардык түйүндөр орнотулуп жатканын айтып, бирок андан чыккан саркынды суулар кайда куяры суроо бойдон калып келерине тынчсыздануусун билдирди. Андан соң таштанды маселесине токтолуп, анын тийгизип жаткан кесепеттерине токтолду.
«Бүгүнкү шаарда болобу, айыл жергесинде болобу, таштанды маселеси чоң көйгөйгө айланган. Анткени уруксаты жок көп жерлерде таштанды төгүлүп, ал кайра иштетилбей, күндөн күнгө чогулуп, көбөйүп бара жатат. Таштанды бир гана жерди булгабастан, тегерек-четин кошо булгайт, аны мал-жандык жейт. Айрыкча, айыл жергесиндеги экологиялык көйгөйлөр Кыргызстанды бир гана жаман жактан көрсөтөт».
Таштанды маселесине BeGreen кыймылы 2019-жылдан бери көңүл буруп келе жатат. Аталган кыймылдын өкүлү Бегимай Алтыбаева таштанды көйгөйүн чечүү үчүн бөтөлкө формасында урналарды орнотушканын айтып берди.
Азыркы тапта Бишкекте 300дөн ашуун атайын таштанды челек орнотулган. Өткөн жылдын декабрь айында пластикти иштетүүчү завод ачылган. Андан алынган чийки зат чет өлкөлөргө да экспорттолуп жатат.
Алтыбаеванын айтымында, бул демилге жетишсиз болууда. Ошондуктан алар айлана-чөйрөнү коргоого багытталган дагы бир демилгенин үстүндө иш алып барып жатышат.
«Биз экопункттарды ачууну көздөп жатабыз. Ал ар бир үйдүн жанында дүкөнчө түрүндө болот. Жарандар таштандынын бардык түрүн алып келип, ошол жактан акчага алмаштырып кетишет. Бул биздин жарандарга да мотивация болот деп ишенебиз. Шаар тургуну экопункттарга таштанды тапшыруу аркылуу кичине болсо да айлана-чөйрөнүн корголушуна, тазалыгына салым кошо алат».
Жыл сайын кыш келери менен Бишкекте абанын булгануусу, кара түтүндүн каптоосу негизги көйгөйгө айланат. Буга эски унаалардын көптүгү, үйлөрдүн көмүр менен жылытылышы, акыркы жылдарда шаар ичинде көбөйө баштаган кабат үйлөрдүн туура эмес курулганынан шамалдын тосулуп калуусу сыяктуу бир канча себептер айтылууда.
Бишкектеги абанын сапатын жакшыртуу багытында иштеп келе жаткан дагы бир уюм Movegreen кыймылынын өкүлү Нуржан Чунуева Бишкек абасы «өтө булганыч» деген шаарлардын тизмесинде эки жылдан бери биринчи орунду алып жатканын айтып, анын негизи себептерине токтолду.
«Учурда Бишкекте экологиялык абал өтө начар. Абанын булгануусуна себептер абдан көп. Биринчиден, жылуулук системалары жана ишканалар бөлүп чыгарып жаткан түтүн. Экинчиден, эски унаалардан бөлүнүп чыгып жаткан уулу заттар. Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн комплекстүү кадамдарга баруу зарыл. Көмүрдүн ордуна башка альтернативдүү булактарды колдонууну сунуштоо керек. Биз жаңы энергиянын булактарын колдонуучу заманбап технологияларды иштеткенибиз пайдалуу. Бул абанын жакшырышына, экологиянын тазарышына, ден соолуктун бекем болуусуна шарт түзөт».
Антсе да жыл сайын шаарды каптаган кара түтүнгө каршы комплекстүү чаралар көрүлбөй келерин экологдор айтышат. Алар экологиялык жоопкерчиликти мамлекеттик органдардан тышкары ар бир жаран да сакташы керек деп эсептешет.
Табиятта да көйгөйлөр жок эмес. Адистердин айтымында, кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү сактап калуу, аңчылыкты азайтуу, муну менен бирге жайыттарды, жерлерди туура пайдалануу максатында иш алып баруу зарыл.
Бул маселелер комплекстүү каралып, экологиялык коопсуздук жөнүндө кодексте камтылышы шарт экени баса белгиленди.
Дүйнө жүзүндөгү токойлор курулуш жана айыл чарба муктаждыктары үчүн четинен жок кылынууда. Айлана-чөйрөнү коргоочулар бак-дарактар уулуу газдарды сиңирип аларын айтып, токойлордун талкаланышы абанын ысып кетишине алып келгенин белгилешет.