Марал Радиосу

Бишкектин «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп көз жумду

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп көз жумду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.

Бүгүн, 6-июнда саат 11:00 чамасында милицияга жаш баланын сууга чөккөнү тууралуу кабарлашкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, бала №95 орто мектептин окуучусу болгон. Орто мектептин администрациясы ата-энелер менен биргеликте балдарга эс алуу уюштурушкан.

Бул фактыны Октябрь райондук ички иштер бөлүмү бирдиктүү реестрге каттап, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Тергөө жүрүп жатат.

Ал эми Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы кырсыктын себептерин атайын комиссия иликтеп жатканын кабарлады.