Марал Радиосу

Бангладеште химиялык зат сактоочу порт кампа жарылып, 49 адам көз жумду

Бангладештин Читтагонг шаарында химиялык заттар сакталган порт кампа жарылып, 49 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Бангладештин Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Майн Уддиндин берген маалыматына караганда, каза тапкандардын арасында 5 өрт өчүрүүчү да болгон. Андан тышкары 300дөн ашуун адам ар кандай жаракат алган.

Маалым болгондой, биринчи жарылуудан кийин да бир нече жарылуу болуп, өрт өтө тездик менен жайылып кеткен. Жарылуу күчү порт кампа жайгашкан аймактагы үйлөргө да тийип, айрым үйлөрдүн дубалдарына жарака кетип, айрым үйлөрдүн терезелери күбүлүп калган.

Тиешелүү адистер жарылууга химиялык реакция себеп болушу мүмкүн экенин болжолдошууда.