Марал Радиосу

10-июнга чейин «Ала-Арча» паркынын аймагына кирүү чектелет

6-июндан 10-июнга чейин «Ала-Арча» паркынын аймагына кирүү жабык болот.

Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын Кыргыз мамлекеттик «Ала-Арча» жаратылыш паркы мекемеси билдирди.

«Жолду реконструкциялоого байланыштуу 2022-жылдын 6-июнунан 10-июнуна чейин «Ала-Арча» жаратылыш паркынын аймагына автотранспорттордун кирүүсү убактылуу токтотулат», — деп айтылат маалыматта.