Марал Радиосу

Оштон Бодрумга биринчи чартердик каттам ачылды

Ош шаарында алгачкы жолу Түркиянын Даламан аэропортунан (Бодрум, Мармарис шаарларынан) түз чартердик рейс ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

5-июнда түнкү саат 02:00дө Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаевдин катышуусунда алгачкы рейсти тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Каттамдар «Пегасус» авиакомпаниясы тарабынан аткарылмакчы.

Буга чейин 3-июнда Оштон Анталияга биринчи чартердик каттам ачылган. «Пегасус» авиакомпаниясы тарабынан «Анталия-Ош-Анталия» багыты боюнча каттамдар жумасына эки жолу (дүйшөмбү жана жума күндөрү) аткарылат.