Марал Радиосу

Алымкадыр Бейшеналиев бир айга камалды

Коррупцияга шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын Тергөө абагына бир айлык мөөнөткө камалды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды.

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев тергөө мезгили аяктаганга чейин ээлеген кызматтарынан убактылуу алынган.