Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: Чүй жана Бишкекте катуу шамал болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жеткен катуу шамал катталат.

Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.