Марал Радиосу

Ысык-Көл: Мигрант жаштар балдар аянтчасын куруп беришти

Ысык-Көл районунун Кожояр жана Семеновка айылдарына чет жерде эмгектенген жаштар балдар аянтчасын куруп беришти. Бул тууралуу айыл тургундары кабарлады.

Аны менен катар, Кожояр айыл өкмөтүндө «Лагуна Сити» эс алуу жайынын демөөрчүлүгү менен салынган футбол аянтчасы да ачылды.

Ачылыш азем кечээ, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өттү. Иш-чарага республикадан, облустан, райондон жогорку бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары да келип, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Иш-чара концерттик программа, оюн-зоок жана футбол турнири менен коштолду. Аны менен катар төрт наристенин тушоосу да кесилди.

Жаштардын демилгеси менен футбол аянтчасына Зарлык Жайлообаевдин ысымы ыйгарылды.