Марал Радиосу

ТИМ: Манас университетиндеги семинар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов кечээ, 31-майда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «ФЕТО террордук уюму» деген темада өткөн семинар тууралуу маалымат тараганына байланыштуу билдирүү жасады. Анда министрлик эл аралык окуу жайды саясий куралдын аянтчасына айлантпоого чакырган.

Министрликтин билдирүүсүндө эл аралык университет дүйнөнүн эки боордош элинин ортосундагы достукту чыңдоо механизми катары жана Кыргызстан менен Түркиянын сапаттуу жогорку билим берүүгө болгон умтулуусунун көрүнүшү катары түзүлгөнү айтылат. Мындан сырткары окуу жайдын жетекчилиги эки өлкө элинин ынтымагына таянып, мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, араздашуунун себилишине салым кошпошу керектигин белгилейт.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов пикиринде, бул университет эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан, кандайдыр бир күчтөрдүн саясий инсунуациясынын куралына айланбашы керек. Авазбек Атаханов бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы жалпы коомчулукка жеткириле тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 31-майда кыргыз-түрк «Манас» университетинде «Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм» (түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын «террордук уюм» деп эсептейт — ред.) деген аталышта семинар өткөн. Анда түрк элчиси Ахмет Садык Доган Түркиянын ички саясатындагы окуяларга Кыргызстандагы бир катар мекеме уюмдарды тиешеси бар деп айыптаган. Ал эми окуу жайдын бул аракети интернеттеги кыргыз сегментиндеги колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратып, жарандык активист Гүлжигит Исаков тышкы иштер министрлигинен бул семинарга карата реакция жасоосун талап кылган.