Марал Радиосу

Жапаров: «Алтын балалык» реаблитациялык комплекси 400 эне-баланы кабыл алат

Президент Садыр Жапаров «Алтын балалык» реаблитациялык комплекси 400 баланы энелери менен кабыл аларын айтты.

1-июнда реконструкциялоодон кийин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси ишке берилди.

«Алтын балалыкта» эс алуу, өнүктүрүү, эстетика, этика, көркөм сүрөт, компьютердик сабаттуулук жана башка багыттар боюнча балдардын чыгармачылык жөндөмүн ачуу иш-чаралары өткөрүлөт.

Мамлекет башчы бүгүнтөн баштап 15-сентябрга чейин республиканын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн балдар келип эс алып турушарын кошумчалады. Ар он күн сайын 250 бала кабыл алынып турат.

Комплекстин курулушу 1998-жылы Ысык-Көл районунда Майрам Акаеванын «Мээрим» фондунун демилгеси менен башталганы айтылат. 2005-жылдагы Март революциясынан кийин комплекстин курулушу токтоп калган. 2021-жылдын март айында комплекстин курулушу жандандырылган.