Марал Радиосу

Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-май саат 20:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди.

Жер титирөө Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында жана Чоң-Алай районун Кашка-Суу, Кара-Кабак, айылдарында 3 баллга чейин, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.