Марал Радиосу

Өлкөдөн шекерди экспорттоого алты айга тыюу салынды

Министрлер кабинети кумшекерди жана камыш кантын өлкөдөн алып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Токтом Кыргызстандын аймагынан кумшекерди массалык түрдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу максатында иштелип чыккан.

27-майда Бишкектеги бир катар дүкөндөрдө шекер сатылбай, базарларда баасы кескин кымбаттап кеткен.