Марал Радиосу

Президенттин Баткендеги өкүлү аткезчиликке каршы коюлган постторду текшерүүдө

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте аткезчилике каршы коюлган постторду жана мобилдүү топторду текшерүүсү Лейлек районунда уланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле «Развилка» постундагы кармалып турган жер семирткич (селитра) маселеси да каралган.

Мындан сырткары аткезчилик менен кармалган унааларга, жүктөргө чечим кабыл алуу боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берди.