Марал Радиосу

Акыйкатчы мугалимдин аракетине укуктук баа берилишин талап кылат

Бүгүн Жалал-Абад облусундагы мектептердин биринде мугалим окуучуну сабаган окуя боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматова маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, бул окуя күч органдары тарабынан толук иликтенип, мугалимдин аракетине укуктук баа берилиши, ошол эле учурда ар бир окуучу мамлекет тарабынан корголуп, коопсуздугу кепилдикке алынышы керек. 

25-майда социалдык тармактарда мугалим окуучуну уруп жаткан видео тарап, коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан. Айрымдар мугалимди айыптаса, айрымдар окуучуну күнөөлөп чыгышкан.

Окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы мектепте болгон. Анда информатика мугалими 7-класстын окуучусун сабаган. Буга байланыштуу Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлгөн. Териштирүүнүн корутундусуна ылайык, мугалим ишинен бошотулуп, бирок аз күн өтпөй, жумуш ордуна кайра кайтып келген. Таяк жеген кыз ошол күнү ооруканага жаткырылган. Экспертиза кыздын мээси чайкалганын, денесинде көгала тактар бар экенин аныктаган.

Айыптуу делген мугалим видео тарагандын эртеси кайрылуу жасап, «тарбиялоо максатында акырын гана уруп койгонун» билдирген. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мугалим мыйзамга каршы иш жасаганын, мыйзам боюнча мугалимдин окуучусуна кол көтөрүүгө укугу жок экенин белгилейт.

«Биздин мыйзамдарда мугалимдин окуучуларды кыйнашына, кандайдыр бир күч колдонушуна, окучунун аброюна шек келтирген сөздөрдү айтышына жана агрессивдүү иш алып барышына тыюу салынган. Андан сырткары биз ошол мектептин уставын да көтөрүп чыктык, анда балдарга карата кыйноо жана күч колдонуу болбошу керектиги белгиленген. Мындан улам ошол мектептин директоруна суроо жаралып жатат. Бир эле мугалимге балдарды тарбиялоо максатында ушундай күч колдонууга уруксат берилди беле же башка окуучуларга да башка мугалимдер күч колдонушабы? Андан сырткары биз ошол мугалимдин билим деңгээлин да карап чыктык. Атайын орто окуу жайдан «башталгыч класстар мугалими» адистиги боюнча билим алган. Анан компьютерди колдонуу боюнча бир айлык курстан өткөнү жөнүндө сертификаты бар экен. Бирок билим  берүү мыйзамдарына ылайык, андай билим деңгээл менен 7-класска информатика предметинен сабак бергени канчалык туура экени чоң суроо жаратат. Акыркы жылдары балдарга карата зордук-зомбулук күч алып жатат жана анын мугалим тараптан болушу өкүнүчтүү. Ошондой эле ал Билим берүү министрлигинин баланы коргобой, мугалимди коргошу түшүнүксүз болуп жатат».

Акыйкатчы институту райондук деңгээде уюшулган комиссияга ишенүү кыйын экенин белгилеп, Башкы прокуратурага баланын ден соолугуна туура баа берүү үчүн Стамбул протоколун кайрадан түзүүнү сунуштаган. Абдрахматованын айтымында, бул протокол мугалимдин аракетинде кылмыш иши бар же жогуна негиз болот. Ошондой эле Акыйкатчы институту Ички иштер министрлигинен окуяны кылдат иликтеп, тиешелүү укуктук баа берүүнү талап кылышкан.

Мындан сырткары Абдрахматова тиешелүү органдар талап кылган иштерге жооп беришпесе, анда жеринен талдоо жүргүзө турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева мугалим менен окуучулардын ортосундагы келишпестиктин алдын алуу үчүн мектептерге видеокамералар жана психологдордун штаты керектигин белгиледи.

Анын айтымында, учурда мугалимди коргоого багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Анда баланын жоопкерчилигин ата-эне алышы керек.

«Бизге психолог штаты жана видеокамералар керек. Видеокамералар болгондо эмне болгону, кандай болгону ошол жактан билинмек. Мугалимдин жоопкерчилиги да керек. Себеби ал ушундай абалда өзүн кармашы керек эле. Аларга да жоопкерчилик каралышы керек. Себеби кичинекей кыз болчу, ал да провокацияга алдырып койду. Ошондуктан психологдун штаты керек. Мугалимдер чарчап, ушундай абалга туш болгон учурда окуя орун алды окшойт. Ал деле мындай болушун каалабаса керек».

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов Кыргызстандын мектептеринде информатик мугалим дайыма жетишпесин белгилеп, көп учурда адистиги башка мугалимдер сабак берүүгө аргасыз болорун билдирди.

«Бул айла жоктун эле иши болуп жатат. Информатиканы жакшы билгендер, информатика боюнча мугалимдер мектепке токтобой эле кетип калат. Көлдө деле облустук билим берүү институту бар, информатиги жок, дайыма ваканттык орун бар. Ошондуктан, информатик мугалим таба албай, ошого аны жумушка алса керек. Информатика боюнча бир айлык курстан өтүүнүн деле сапаты жакшы болбойт. «Информатик мугалимдердин айлыгын өзүнчө карап берсекпи?» деген да сунуштар болгон. Башталгыч класстардын мугалимдери менен окуучулардын ортосунда эч качан конфликт болбойт, алар эне-баладай эле мамиледе болушат. Ошондуктан бул жерде өспүрүм балдардын жасаган мамилеси мугалимдин жинин катуу келтирип салышы мүмкүн».

Юнисефтин маалыматы боюнча Балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоотпогон мамиледен жапа чексе, 83.5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.

Зомбулук балдардын тагдырына балта чабат. Алардын жашоосуна жана саламаттыгына терс таасир тийгизгенден тышкары, зомбулук балдардын эмоционалдык абалына жана келечегине да чоң коркунуч жаратат. Зомбулук муундан муунга өтүшү мүмкүн. Себеби зомбулукту көргөн балдар муну кадыресе көрүнүш катары кабылдашы ыктымал.

Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук кеңири жайылган көрүнүш жана  түздөн түз балдар укуктарын бузууда.

Exit mobile version