Марал Радиосу

Спорттук гимнастика боюнча Бишкек биринчилиги өттү

Ш.Садыков атындагы Республикалык спорт колледжинде спорттук гимнастика боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мелдешке спорт чеберлеринин, спорт чеберлигине талапкерлердин, ошондой эле чоңдордун 1, 2, 3-разряддарынын программалары боюнча 19 кыз жана 19 бала катышты.

Иш-чаранын максаты спорттун бул түрүн кеңири жайылтуу, күчтүү спортчуларды аныктоо жана тарбиялык иштердин жыйынтыгын чыгаруу болуп саналат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.