Марал Радиосу

Министрлик кумшекердин баасы кымбаттаганын түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги өлкөдө кумшекер жетиштүү экенин маалымдап, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ «Фрунзе» жана «Глобус» гипермаркеттери чекене сатуу үчүн 50 тонна шекер алышты. Шекер ошондой эле кичинекей сатуу пункттарына жеткирилген.

Учурда азык-түлүк текчелерин керектүү көлөмдө шекер менен толтуруу боюнча иш жүрүп жатат.

«Кайыңды-Кант заводу чийки заттын жоктугунан кант өндүрүү боюнча иштерди бир нече күн аткара албагандыгын маалымдайбыз. Бул Орусиянын деңиз портундагы чек аранын жабылышына байланыштуу болгон. Бирок маселе чечилип, чийки заттын керектүү көлөмү завод кабыл алынып, кечээтен баштап кант өндүрүлө баштады», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, кантты Кыргызстандын чегинен тышкары экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору демилгеленүүдө. Азыркы учурда мындай чектөө күчүндө, бирок кантты ЕАЭБдин чегинен тышкары чыгарууга болбойт.