Марал Радиосу

Лидерликке үндөгөн төрт китеп кыргызчаланды

Азыркы замандын көрөгөч лидерлери Apple компьютер компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс, NIKE спорт кийим компаниясынын негиздөөчүсү Фил Найт, белгилүү IKEA эмерек компаниясынын негиздөөчүсү Иӊвар Кампрад жана ”Бүткүл медианын ханышасы”(ток-шоу алып баруучусу) атактуу Опра Уинфринин өрнөктүү жашоосун чагылдырган китептер кыргызчаланды. Бул тууралуу котормочу Бакыт Абдуллаев билдирди.

Китептер түстүү сүрөттөр менен берилип, эртеӊки күндүн лидерлерин ар тараптуу,
чечкиндүү жана эркин болууга шыктандырат.

Жаш муунга өздөрүнүн чыгармачылыгы, кыялдарын орундатуу, айлана менен эриш-аркак жашап, ишкердикте талбас эмгеги менен дүйнөнү өзгөртө алышына ишеним тартуулайт.

Китептер 6 жаштан жогору балдарга арналып, катуу мукабада даярдалган.

Белгилей кетсек, китептер Асылбек Жоодонбеков, Жибек Кенжебаева, Нурболот Азамат жана Эрмек Шоруков тарабынан кыргызчаланган.