Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу кайра өсө баштады. Бүгүнкү күнгө карата бир доллар 85,50 сомдон сатылууда. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу боюнча 79,50 сом бойдон турат. Соңку күндөрү Кыргызстандан коңшу өлкөгө долларды атайын сатып алып чыгаруу аракеттери тууралуу кептер айтылууда. Ошол эле учурда ички рынокто доллар тартыш болуп, банктарда чектелүү көлөмдө сатылып жатат деген маалыматтар чыкты. Эксперттер доллар менен спекуляциялык аракеттер болуп жатканынан күмөн саноодо. Буга кимдер кызыкдар жана Кыргызстандагы валюта саясатынын божомолдоруна алдыда кененирээк токтолобуз.
Экономисттердин пикиринде Кыргызстанда доллардын кайра көтөрүлө баштаганына экономикалык активдүүлүктүн артканы себеп болууда. Кандай абал болбосун эл баары бир долларга муктаж экенин убакыт көрсөттү. Бул кырдаал менен пайдалангандар да жок эмес. Кыргызстандын каржы базарында айрым адамдар атайын спекуляция жасап жатканын, Орусиядан рубль киргизип, Кыргызстандан доллар чыгарып кетип жатканы айтылууда.
Экономист Азамат Аттокуров банктар менен спекуляциялык иш-аракеттер бар деп эсептейт. Долларды кармап калуу үчүн Улуттук банк тарабынан интервенциялар жүргүзүлүп, эсептик чен 14% менен өтө кымбат болуп, сомдун көлөмү да кыскарууда.
Ал доллардын түшүп кетишине өбөлгө жок экенин эскертип, кайра жогорулай турганын түшүндүрдү.
«Доллдардын түшүп кетишине эч кандай өбөлгө жок. Себеби биз импорттон 90%га көз карандыбыз. Анан долларды кармап туруу – бул туура эмес. Анткени эскпортко бул терс таасирин тийгизет. Негизинен доллар өсөт, себеби ал экономикага керек. Чектөөлөрдүн баары алынды, эгер Улуттук банк эсептик ченди түшүрсө, интервенция кылбаса доллар өсөт. Ал эми жарымын интервенция кылып, эсептик ченди бийик кармап тура берсе анда доллар ушундай каромалып турат.»
Адис күзгө чейин доллар 85-90 сомдун тегерегинде термелип турарын кошумчалады.
Ал эми экономист Муратбек Исмаилов спекуляция болбогонун, бул таза шартта жаралган кырдаал деген ойдо. Ал банктарда доллар берилбей жатканын ырастап, өзү ушундай кырдаалга туш болгонун айтып берди. Доллар керек болгондо банктан ала албай, сырттан алдырткан адис бул туура эмес жагдай терс кесепеттерди алып келерин, көмүскө экономиканы көбөйтөрүн белгилеп, чечүү жолдорун сунуштады.
«Улуттук банк элге жагдайды туура түшүндүрүп, паникага кептебеши керек. Эртең абал кандай болорун билбей жаткандар көп болуп жатат. Ошондуктан туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Ал эми карапайым элге кандай кеңеш берерин билбей турам. Себеби өзүм банктагы эсебимден долларды ала албай, сом алып андан кийин сырттан доллар издегенге туура келди.»
Буга чейин Европадагы мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттарын жакындары доллар жана евро менен ала албай жатканына нааразы болушкан. Алар жиберилген каражат сомго эң төмөн баа менен которулуп, ортодо жоготууларга учурап жатканын билдиришкен.
Улуттук банк дооматтарды четке кагып, банктарда евро же доллар жетиштүү көлөмдө болбой калышы мүмкүн деген жүйө келтирген.
Улуттук банк рынокто сомду пайда кылуу максатында тескери интервенция жүргүзүүдө. Муну экономист Кубан Чороев түшүндүрдү. Анын айтымында, өлкөнүн башкы банкында жетиштүү резеврдер бар жана доллардын курсун бир көрсөткүчтө кармоого дарамети жана мүмкүнчүлүгү жетет. Адис тынчсызданууга негиз жок экенин ишендирди.
«Кыргызстанга накталай эмес келген акчанын көлөмү көбөйүүдө. Мындан улам биздин коммерциялык банктарда накталай эмес акча бар, ал эми накталай акча жок болуп жатат. Мисалы өлкөгө накталай эмес рубль келсе, алар рублду сомго которуп жатышат. Ошондуктан сомго суроо талап көп болуп жатат. Акыркы айларда Улуттук банк рынокто сомду пайда кылуу максатында тескери интервенция жасап жатат.»
Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо максатында бир нече жолу базарга доллар сатып, сатып алды. 18-майда 6 млн. доллар, 20-майда 20 млн. 550 миң сатып алды.
Бүгүн Өлкөнүн Башкы банкы учурдагы валюта рыногундагы жагдай тууралуу билдирүү таратты.
Анда айтылгандай, валюта рыногунда суроо-талаптын же сунуштун жогорулашы менен байланышкан алмашуу курсу кескин өзгөргөн мезгил ичинде Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат.
2022-жыл башынан тартып 26-майга чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 284 млн 30 миң доллар суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция жана долларды сатып алуу боюнча эки интервенция өткөрдү. Жыйынтыгында таза сатуу 237 млн 85 миң долларды түздү.
Буга чейин аймактык валютагаларга өтүү жөнүндө сөз болгон. Ал эми экономисттер аймактык валюталарга өтүү Кыргызстанга пайдасыз экенин айтып, азыркы дүйнөлүк экономика доллар менен жүрүп жатса, келечекте да доллар менен кете берерин белгилешкен.
Кыргызстанда баа доллардын курсуна карата аныкталгандыктан негизги азык-түлүк кымбаттаган, курс төмөндөгөндөн бери баанын арзандашы байкала элек.