Марал Радиосу

Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Алматыдагы турнирге катышат

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстанда өтө турган эл аралык турнирге катышат.

2-5-июнь күндөрү Алматыда «Болат Турлыханов Кубогу» UWW экинчи рейтингдик турнири өтөт.

Кыргызстандын курама командасынан 11 балбан катышат. Бул 2022-жылдагы экинчи Ranking Series турнири. Анын жыйынтыгы UWW дүйнөлүк рейтингине таасир этет.

Кыргызстандын командасынын курамы:

60 кг чейин — Куттубек Абдыкерим уулу,

63 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков,

67 кг чейин — Халмурат Ибрагимов, Калы Сулайманов жана Амантур Исмаилов,

77 кг чейин — Ренат Ильяс уулу,

82 кг чейин — Акжол Махмудов,

87 кг чейин — Мелис Айтбеков жана Атабек Азисбеков,

97 кг чейин — Бексултан Махмудов,

130 кг чейин — Мурат Рамонов,

Башкы машыктыруучу – Азат Эркимбаев, улук машыктыруучу – Улукбек Карачолоков.