Марал Радиосу

ЕАЭБ саммити: Макроэкономикалык саясаттын багыттары жана реалдуулуктар

Бүгүн Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйыны өттүүдө. Ага быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын баары онлайн катышууда. Саммиттин күн тартибинде 15 маселени талкуулоо пландаштырылган, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, өткөн жылда ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды чечүү боюнча жасалган иштердин жыйынтыктары жана ЕАЭБ эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары талкууланды. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында башка дагы кандай маселелер көтөрүлдү алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын баары онлайн катышууда. Бул жыйындын онлайн форматта өткөрүү чечими учурдагы эл аралык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган. Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель жыйынга байкоочулук кылышууда.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынында жакында эле ЖККУнун жыйынынын алкагында мүчө мамлекеттер аймактык коопсузудук маселесин жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн белгилеп, бүгүнкү жолугушууда уюмдун соода-экономикалык маселелерин кароо зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал бул жолугушуунун алкагында өткөн Биринчи Евразиялык экономикалык форумдун ийгиликтүү өткөндүгүн кошумчалады.

Садыр Жапаровдун баамында 2021-жылы биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланышта динамикалуу өсүш байкалган.

«2021-жылдын аягында Биримдиктин жалпы ички дүң өндүрүм 4,6% га өстү. 2021-жылга Евразия экономикалык биримдигинин товарлары менен Бирликке кирбеген өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 844,2 млрд долларды түздү. 2020-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 35,1%га өскөн. 2019-жылга чейинки тышкы соода жүгүртүү 14,7%га же 108,4 млрд доллардан ашты. Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү болжолдонгон көрсөткүчтөн ашып, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 2020-жылга салыштырмалуу 3,6% өстү. Тышкы соода операцияларынын көлөмү да 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40,1%га өстү. 2022-жылдын 4 айынын көрсөткүчтөрү экономиканын мындан аркы өнүгүүсүнө оптимизмди жаратат, анын натыйжасында ИДПнын өсүшү 5,4%ды түздү, 2022-жылдын биринчи кварталында ЕАЭБ өлкөлөрү менен экспорттук операциялар 23%га, импорттук операциялар 2021-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 20,7%га өстү».

Мындан тышкары мамлекет башчы биринчи кезекте дүйнөлүк экономиканын абалынын жаңы реалдуулуктарына, санкциялык согуштардын курчушуна жана эл аралык транспорттук-логистикалык системадагы мыйзам бузууларга негизделген орток стратегияны жаңылоо жөнүндө ойлонуу керектигин кошумчалады.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттер кезектешип төрагалык кылышат жана бул протоколдук гана негизде болуп, эч кандай артыкчылык бербейт. Негизги маселелер мүчө мамлекеттердин салмагына жараша чечилерин, көбүнчө Орусиянын кызыкчылыгында иш алып барыларын серепчм Нурбек Муктар белгиледи.

«Бул Евразия экономикалык кеңеш жарым өлүк кеңеш. 3-4 мамлекет биригип бир уюм түзгөндө, ал уюмдун статусу ичине кирген мамлекеттерден өйдө болушу керек. Тилекке каршы бул кеңеште Казакстандын өзүнүн кызыкчылыгы, Орусиянын өзүнүн кызыкчылыгы бар. Ошондон улам, ар кимиси өзүнө тартып эле, акыркы убакта кеңештин баркы кетип бара жатат. Кечээ айтып жатышпайбы, «техрегламентти алдык, санитардык көзөмөлдү жоготтук, ар  түрдүү тоскоолуктарды алып жатабыз» деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатышат. Бирок кыргыз-казак чек арасындагы катар болуп тизилген оор жүк ташуучу унаалар жоюлганы менен, «Кордай» өткөрмө бекетине киргизип алып, ошол жерде 10 күндөп кармап жатышат. Ал маселе азыркыга чейин эле бар. Чек арадан андары ары Орусиянын аймагына өтсөң, ал жерде Казакстан менен Кыргызстандын жүк ташуучу унааларын кармап жатышат. Ошол эле убакта экономикалык кеңешке мүчө болбогон Өзбекстан менен Тажикстандын фуралары жөн эле өтүп жатышат. Анан эле биз «антик-минтик» деп саясий билдирүүлөрдү берип жатышат, бирок иш жүзүндө аткарылган жок».

Евразия экономикалык биримдик — регионалдык экономикалык биригүүнүн эл аралык уюму. Уюм эл аралык укукка ээ жана Евразиялык Экономикалык Биримдик жөнүндө Келишимдин негизинде түзүлгөн. ЕАЭБ улуттук экономикалардын ар тараптуу модернизация, кооперация жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана уюмдун мамлекеттеринин калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн туруктуу өнүгүүсүнө шарттарды түзүү үчүн түзүлгөн. Кыргызстан уюмга 2015-жылы мүчө болуп кирген.

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров башында эле уюмга кирүүгө каршы болгондугун, Кыргызстанда өндүрүш өнүкпөгөндүктөн, уюмдун алкагында мигранттарды гана экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн айтат.

«Анча-мынча өндүрүш жакшы өнүккөн тармактар бар, бирок көбүнчө өндүрүштөн алсызбыз. Эгерде уюмга мүчө болуп кирбесек, Дордой, Кара-Суу сыяктуу эркин соода бизде дагы да катуу өнүкмөк. Соодагерлер дагы көбүрөөк келечекте өндүрүшчүгө айланмак. Бүгүнкү күндө жалпы бажы саясаты бирдей болгондуктан, биз өндүрүштү ойдогудай бутка тургуза албай жатабыз. Бизге алып келеген пайдаларын айта турган болсок, биз мигранттарды каалашынча Орусияга жиберип, легалдуу иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок ошол эле кезде Орусияга барган тажикстандык жана өзбекстандык мигранттар иштеп жатышат. Товарларыбыз ойдогудай эркин жетпей жатат. Анткени чек аралардын жүк ташыган унааларыбыз токтоп калып жатат. Кыскача айтканда жалпы жыйынтык ойдогудай эмес».

Уюмдун жалпы экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтоло кетсек, Евразия экономикалык биримдикте ички дүң өндүрүм 2020-жылы 1 трлн 738 млрд долларды түзгөн. 2020- жылга карата өнөр жай өндүрүшү 97, 6%ды түзүп, дүйнөлүк өнөр жай өндүрүшүнүн 2,2%ын камсыз кылган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соодасынын 2020-жылдагы көлөмү 731,1 млрд долларды түзгөн.

Кошумчалай кетсек, жыйында Евразиячыл идеяларды жайылтуу максатында учурда комиссия Евразиялык жаштар форумун өткөрүү маселесин талкуулап жатканы белгилүү болду. Ал евразиячылык идеяларды жана биримдиктин ишинин эффективдүүлүгүн талкуулоо жана жайылтуу үчүн жаш экономисттер, бизнесмендер, илимпоздор, финансисттер, юристтер жана башка тармактардагы адистердин таанышып, тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калат.

Exit mobile version