Ала-Арча суу сактагычына 54 жаштагы киши чөгүп кетти, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында Ала-Арча суу сактагычына 1968-жылы туулган эркек адам (толук аты-жөнү такталууда) түшүп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу жана 3 суучул тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 18:30да суучулдар тарабынан эркек кишинин сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.