Марал Радиосу

Дирижёр Бакыт Тилегенов: Чет өлкөдө даражасы бийик маэстро деп жакшы кабыл алышат

КР эл артисти, дирижёр, профессор Бакыт Тилегенов «Мен жана мезгил» программасынын кезектеги коногу болду. Маектешим кесибине түйшүгүн, азабын билбей баш багып алганын, баарын түшүнгөндө баш тартууга болбой калганын, кесибин өмүр бою изилдеп келерин, адам баласы ак эмгеги менен бийиктикке чыкса, аны эч ким кулата албасын айтып берди. Бул макала дирижёрлук кесип тууралуу кенен билгиси келгендерге арналат.

— Дирижёр деген ким, анын милдети кандай, бул кесип качан, эмне үчүн пайда болгон?

— Жараткан пендесине өзүнүн ырыскысын берет экен. Жер жүзүндө ар бир кесип баалуу, сыйлуу. Менин өзгөчө сыймыктанганым музыка дүйнөсүнө келип калганым болду.

Дирижёр, маэстро италия тилинен кыргызчага которгондо «мугалим» деген сөздү түшүндүрөт. Бул кесиптин качан пайда болгонун эч ким айта албайт. Оркестрге жете элек учурда бир топ музыкант ансамбль катары чогулуп, аспаптарда ойноп, арасынан бири башчы катары «баштадык» деген белги берген. Кийин-кийин чоң таякча аркылуу иретке салуу менен ойной башташкан. Бара-бара дирижёр болбосо, бири-бирин толуктай албай, чачырап кетүү мүмкүн экенин түшүнүшкөн.

Дирижёр — абдан азаптуу кесип. Аны баштаган соң, өмүр бою окуп өтөсүң. Алар эл аспаптар оркестри, балеттик, опералык, симфониялык, камералык дирижёр болуп, бир топко бөлүнүшөт. Мисалы, Чайковскийдин бир эле «Иоланта» операсын алалы. Хор, андан тышкары канча солист эмгектенет. Оркестрде 70-80 киши бар. Спектакль менен көрүүчүлөрдүн ортосундагы жалгыз жол көрсөткүч болосуң. Ошол жерде сен Чайковскийдин ички дүйнөсүнө, ар бир каармандын образына кирип, керек болсо, «жарыкты өчүр, күйгүз» деп буйрук берип турасың. Изилдөөчүлөр: «Дирижёрдун бир сааттык жумушу шахтада он эки саат тынбай көмүр казган менен барабар», — деген жыйынтыкка келишкен. Психологиялык, моралдык жактан чарчайсың.

— Анда бул кесипти тандооңузга эмне себеп болду?

— Кыргыз эли таланттуубуз, бир нерсени бат илип кетебиз. Союз ыдыраганда өмүрү соодага аралашпаган кыргыз аны да бат өздөштүрүп, тиричилигин алып кетти. Азыр кыргыздар жер жүзүндө бизнес курууда. Соттошконду да жакшы билебиз (күлүп). Бул жашоодо факты менен жүрбөсөң, «Тилегенов өткөндө ушинтип айткан» деп сотко берчүлөр да чыгат. Мен өтө узак жолду бастым десем болот. Жумгал райондагы Доскулу айылында туулуп өстүм. Ыраматылык атам элдик киши болчу. Атамдын атынан коюлган Сабыр ата жолу бар. Атамдын көп иштерин азырга чейин унутпай айтып жүрүшөт. Кичинекей кезимде «чоңойгондо шаарга барып жашайм, чоң музыкант болом» дечү экем. Азыр чоң музыкантмынбы, аны эл таразалап, баасын берсин. Бирок музыка дүйнөсүндө жүрүп, жашап жатканым чындык.

Кичинекейимде үналгыдан бир ажайып, сонун музыка угуп жүрдүм. Ал бүткөнчө радионун түбүндө тыңшап турар элем. Ошол музыканын ээлери Бетховен, Моцарт, Вивальди экенин кийин билдим.

Атам эжеси экөө балдар үйүндө чоңоюшкан. Согуш мезгилинде эжем Мураталы Күрөңкеев атындагы училищага тапшырып, окууга өтүптүр. Улуу инсандар Болот Миңжылкыевди, Токтонаалы Сейталиевди кимдер гана тааныбайт. Экөө тең СССРдин эл артисттери болчу. Ушу эки адамга музыка дүйнөсүн таанытып, үйрөткөн эжем болуптур. Ошол кезде ал опера-балет театрында хор бөлүмүндө иштечү экен. Өргүү алып, такай айылга келет эле. Эжем келет дегенде биз жыргачубуз. Себеби куру кол келбей, момпосуй, алма-өрүгүн кошо ала келчү. Ал кезде бизде эч нерсе өсчү эмес. Элибиз жалкоолук кылса керек, көрсө, баары эле бышат экен (күлүп). Кошуналарыбыз менен абдан ынтымактуу болуп, тамак даяр болгондо дубалга кашык менен чаап койсок, балдары келишчү. Эжем комуз менен ырдап берчү. Бир күнү комузун алып, чертип көрдүм. Эжем шак карап, «Кана-кана улантчы», — деди. Дараметимди байкап, «Бакыт, бас кийин, кеттик», — деди. Бир ата, бир энеден он бир балабыз. Атам: «Ата-энеси жок өскөн кандай болорун экөөбүз тең билебиз, бала жаныбызда эле болсун», — десе, эжем: «Апей, кара муну! Жаман тууганым, сен бир балаңды шоопур кыл, дагы бирөөсүн ашпозчу кыл, бирин врач кыл. А менин бир балаңа укугум бар», — деп алып кетти. Шаардан Мукаш Абдраев атындагы окуу жайга окутуп койду. 8-классты бүткөндө ооруп калып, атам кайра айылга алып кетти. Кийин окуумду улантайын десем, атам так кесе «окубайсың» деп койду. Анан бир күнү айылдан качып келип, Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищага келип тапшырып, фагот үйлөмө аспабын окуп бүтүрдүм. Бул менин жүрөгүмдөгү кесип болуп калды. Ал учурду азыр жылуу сезим менен эстейм. 3-курстан 5-курска чейин маэстро Асанкан Жумакматовдун оркестринде эки жыл иштедим. Мени «сын оркестра» деп коюшчу. Училищаны бүтөрүм менен эжем «менин көз алдымда болсун» деп операга келип, оркестр жагына жумушка орноштуруп койду.

Союз кулагандан кийин дирижёрлор ар кайсыл жактан окууну бүтүрүп келип, иштей алышкан жок. Байма-бай конкурстар өтүп турчу. Ал учурда бир аз ысымым таанылып калган кез. Анан дирижёрлук кесипти мага беришти. Беш күндөн кийин Амировдун «Миң бир түн» балети менен чыктым. Азыр ошол партитураны кайталап көрсөм, жүрөгүм түшөт. Ошондо улуу бийчибиз Айсулуу Токомбаева бийлеген эле. Ошол эжебиз: «Бул бала кечээ дирижёрлук кылып, мен сахнадан музыканын башкача илебин сездим, мага абдан жеңил болду», — деди. Демек, ак эмгек менен бийиктикке чыксаң, эч качан кулабайсың, эч ким кулата албайт.

— Учурда Бишкек мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестрин жетектейсиз. Кандай ийгиликтерге жетише алдыңыздар? 

— Кыргызстандын жана Казакстандын тарыхында Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестри Ак-Төбөгө барып, гран-при алганбыз. Андан тышкары Астанада өткөн «Алтын кыл кыяк» эл аралык фестивалында, Карагандада өткөн «Алтын домбура» сынагында баш байге алып келдик.

— Камералык оркестр менен симфонияга дирижёрлук кылуунун кандай айырмасы бар?

— Абдан чоң айырмасы бар. Камералык оркестр менен чакан чыгармалар аткарылат. А бирок камералык оркестр Чайковскийдин симфониялык оркестрге ылайыкталган чыгармаларын аткара албайт. Анткени курам жетишсиз да.

— Мекенибизде ушул кесиптин ээлери көбөйүүдөбү?

— Орустун улуу дирижёру Хайкиндин «Дирижёрами не становиться, а рождаются» деген сөзү бар. Окуусун бүткөнү менен оркестр кабыл албай жатпайбы. Анткени деңгээлиң жогору болушу керек. Колун булгалап, кыймылдатса эле дирижёр эмес. Чынында, менин ичи тардыгым жок. Бирок тарыхыбызды алып карасаңар, ким аркасынан окуучу калтырды? А менин окуучуларым бар. Чоң симфониялык оркестрим азыр мен деген оркестрлердин катарында. Анткени, ШКУ башталганы канча өлкөнүн мамлекет башчылары симфониялык оркестримди дайыма калтырбай чакырышат.

Аталган оркестрде Урмат Тентимишов деген баламды окутуп, экинчи дирижёр кылып алып жүрөм. Буюрса, башкы дирижёрлукка калтырам деген оюм бар.

— Чет өлкөгө дирижёрлук кесип аркылуу сунуштар түштү беле?

— Кыргызстанда гастролго чыга турган бир гана Бакыт Тилегенов деп айтышат. Оркестр менен көп жерге бардык. Даражасы бийик маэстро деп жакшы кабыл алышат. «Үй беребиз, жок дегенде бир гана ай иштеп бериңизчи», –деп алып калуунун жолун издегендер болгон. Эгер чет жерде калып калсам, анда «Бакыт өзүн гана ойлойт экен» деп, үй-бүлөмө, туугандарга сөз тиймек.

— Кээ бир солисттер менен иштеше албай калган учурлар болду беле?

— Эл аспаптар оркестрине оркестровка жасай албасаң, анда сен дирижёр эмессиң. Кыска мөөнөттүн ичинде оркестрге 280дей оркестровка жазыптырмын.

«XXI кылымдын жылдыздары» деген долбоор бар. Ал жерге келген таланттардын үнүн угуп көрүшүм керек да. «Тилегенов абдан корс мүнөз, мен деп эле турат», — деген сөздөр жайылып кетиптир. Кээ бири өзүнүн дареметин сезбей, кыйынсынат. Азыр таш ыргытсаң, эстрада жылдыздарынын башына тиет. Маселен, сизди бир айдын ичинде «жылдыз» кылып койсо болот. Анткени техниканын кудурети жетип атпайбы. А оркестр жандуу үн да. Ал жакта үнү жетпей жатса, айла жок фонограмма менен ырдап чыга берчи дейсиң.

— Концертте ката кетирген музыканттарды кандай жазалайсыз?

— Эгерде ката кетиришсе, дароо реакция кылганымды байкашат экен. Казакстанда Татымбек атындагы оркестрге 6 мамлекеттин дирижёрлору бардык. Менин кезегим келгенде учурашып, баштадым. Анан ары жактан эки музыкант ойногон жок. Анткени музыканттар далай дирижёрду сындан өткөрүп, текшергич калк келебиз да (күлүп). Эки жолу ойнодум, алар такыр кошулган жок. Токтотуп туруп, «Сиздерде партиялар жокпу?» — десем, «бар» дейт. «Эки жолу ойнодук, экөөндө тең кошулган жоксуздар», — дедим. Көрсө, текшерип, сынап көрүшүптүр. Бул кесиптин оорчулугун башында эле билгенде тандамак эмесмин. Бул да маңдайыма жазылган тагдыр экен.

— Эмне үчүн симфониялык, камералык оркестрде аял дирижёр дээрлик жок?

— Эми классикалык жактан бар деп айтсак болот. Вероника Дударова орус улутундагы жакшы дирижёр болгон. Анан Чолпон Турумбаеваны айта алабыз. Чындыгына келгенде, аялзатын оркестр кабыл албай коюшу мүмкүн. Ошондуктан жокко эсе.

— Ырахмат, маегиңизге. Ишиңизге албан ийгиликтерди каалайбыз!

Exit mobile version