Марал Радиосу

Зайырбек Ажыматов адамзатты аруулукка үндөгөн акын эле

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Өлбөс ырларды жазып, адабият айдыңында бараандуу изин калтырган, заманынын залкары атанган маркум талант көзү тирүү болгондо бүгүн, 46 жашка толмок. Дал ушул туулган күнүнүн урматына учкай эскерүү жасоону туура көрдүк. Мунун дагы бир себеби бүгүн, 27-майда «Доско кат» поэтикалык жыйнагы, «Датасы жок күндөр» ой толгоолор топтому басмадан чыгып, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын концерттик залында бет ачары өттү.  

Ооба, ошол күн. Кабырганы кайыштырып, каңырыкты түтөтүп, каректен салаа-салаа жаш актырган ошол күн. Эстебейин десең да, эсиңе кайра-кайра келе берген ошол күн. Бир азадан (андан тогуз күн мурун эсили кеткен залкар төкмө Элмирбек Иманалиевди Эгесине тапшырып, эңгиреп калган элек да) жаңы гана сооронуп келатканда, экинчи азага тушуктурган ошол күн.

Жумушта элем (коронавирус апааты калтыратып, баарыбыз аралыктан иштеп жатпадык беле. Мен окуу жайдын онлайн сабактар боюнча отчётун даярдаганы баргам). Күтүүсүз чалуу селт эттирди. Манасчы Самат Көчөрбаев экен.

– Эреке, кандай? Каяктасың?

– Шүгүрчүлүк. Жумушта отурам кагаздар менен алышып.

– Зайырбек Ажыматов ооруп жүрчү беле?

– Анысын деле билбейт экем. Баягы Элмикени жерге бергенде жолукпадык беле. Жакшынакай эле жүргөнсүгөн. Ошол бойдон көрө элекмин. Эмне болду?

– Мирлан Самыйкожо чалды. «Зайыр байке ооруканага түшүп калыптыр. Сен жакка жакыныраак экен, бара койчу», – дегенинен «баягы көп тамашасынын бир тамашасы эмеспи» деп, сага чалып аткам.

– «Оозуңа очойгон таш» деп койбопсуң да…

Санаам түтпөй, Мирланга чалдым.

– Ассаламу алейкум.

– Алеки салам.

– Каяктасың?

– Каякта болмок элем, больницада да. Өзүң каяктасың?

– Жумуштамын.

– Кел биякка.

– Адрес?..

Ишимди таштай сала ооруканага жетип бардым. Эшиктин астында төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Алтынбек Каленов, ишкер Мирбек Райымов туруптур.

– Мирлан кайда?

– Самат экөө Закеге кирип кетишти. Экинчи этажда.

Аттап-буттап, шаша-буша кирип барганча…

Закенин чыгармачылык башаты СССР урап, өлкө калкы алапайын таппай, карын кайгы башкы орунга чыгып, адабият, маданият, искусство «итке таланып», «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты», «этиң тургай, табагыңды таап ал» деп турган эгемендиктин алгачкы жылдарына туш келди. Өз киндигин өзү кескен «өгөй бала, жетим муундун» бир өкүлү эле Закебиз. Дал ошондой чалкеш доордо да өз нугун жоготпой, акын катары, адам катары кала алды.

Адатта адамдын мүнөзү кандай болсо, чыгармалары да ошондой болот кээде. Дегеним, Закенин ырларын окуганда да өзүнүн кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму көз алдыма даана тартылат. Жай турмушта ичинде кири жок даалдаган, касына да жакшылык тилеп турган алпейим, анан да баладай ишенчээк, ошол эле учурда баладай таарынчаак, а бирок таарынычын бат унуткарып, бир заматта жайдаңдап чыга келген ак көңүл, боорукер жан болчу. Дүйнөлүк улуу жазуучу Чынгыз Айтматов жазмакчы, «күн сайын адам болууга» аракет жасады көзү тирүүсүндө. А бирок чыгармачылыктагы мүнөзү мындан кыйла айырмаланып турчу. Бир карасаң албуут толкун, бир карасаң көк ирим, бир карасаң мелмил өзөн, бирде ызгаар бороон, бирде жай саратан, бирде мээлүүн көктөм, айтор, түшүнүү мүмкүн эмес эле (чыныгы чыгармачыл адамдар ошондой болот).

Чыгармаларын талдап берүүгө менин күчүм жетпейт, Кудай акы. Чыгаан адабиятчы болбогон соң, «андай эле, мындай эле» дей албасмын. Тек гана жанында жүргөн, акыл-кеңешин, насаатын угуп калган, бир топ жыл үзөңгүлөш болуп калган адам катары гана эскерип койгум келди.

Заке менен 2003-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесине мүчө болуп киргенден кийин тааныштым. Ал учурда Закенин болуп-толуп, бышып-жетилип турган убагы экен эми ойлосом (буга 2005-жылы чыккан «Мелмил» китебине кирген ырлары күбө). Ошондон тарта ага-инидей жылуу мамиледе жүрдүк. Кийин 2012-жылы «Жаңы Агым» гезитинде да чогуу иштеп калдык (башкы редактор Аскер Сакыбаевага сунуштап, өзү чакырып алган).

Аласалган алкеш-чалкеш заманга, өзү жазмакчы, «нөлү көп» жылдарга такаат берип, жоголуп да кетпей, жоготуп да албай, өз катарынан суурулуп чыгып, адабиятта АЖЫМАТОВ деген айжаркын ысымды жасады (көр түйшүккө басынып жүрүп, же жашоосу оң болбой, же чыгармачылыгын толук ача албай калгандар деле болгон ал доордо). Балдарына да жер карап калбагыдай шарт түзүп, ошол эле маалда чыгармачылыгын да өксүү койбой чогуу ала жүрдү. Бул жагынан алганда Закени бактылуулардын катарына кошсок болчудай. Айтмакчы, өжөрлүк, көктүк мүнөзү да бар болчу. Балким, ушул сапаты да таасир эткен чыгар экөөнү бирдей ала кетүүсүнө.

Окурмандын көбү атуулдук, заманчыл ырлары менен тааныйт. Көп учурда ушул багыттагы ырларына басым жасалып келет. А чынында Заке нукура лирик болчу. Мейли ал Ата журтту жазабы, мейли ал табиятты сүрөттөйбү, мейли ал махабатты даңазалайбы, айтор, жан дүйнөнү козгогон керемет толкун, дирилдеген мукам кайрык ар бир сабынан, ар бир сөзүнөн, кала берсе ар бир тыбышынан көрүнүп турчу.

Эскерүү жазып жатып, акыркы жолку сүйлөшкөнүбүздү эстедим. 2020-жылдын 11-апрелинде кечки 22:34тө месенжерден видеочалуу кылып, түнкү 00:48ге чейин кобурашканбыз. «Бир-эки жылча чыдап туруп, журналистикадан биротоло кетем, калган өмүрүмдү жалаң чыгармачылыкка арнайм. Кудайга шүгүр, үй-бүлөмө шартты болушунча түзүп бердим, эми мээде жүргөн идеяларды, ойлорду кагазга түшүрүп калышым керек», – деди эле. Тилекке каршы, ал максатын жүзөгө ашыра албады. «Канча чыгармасы жазылбаган бойдон кетти экен?» – деп коём ичимден сызыла.

«Жараткандын жазмышынан озмок жок» дейт кыргыз. Анын сыңары залкар акындын бешенесине болгону 44 жашты гана жазган экен. Артында изи калар адамдын өмүрү ушундай келте болот тура көрсө. «Анткен менен өзүн акын катары да, адам катары да ачып берүүсүнө ушул жаш деле жетиштүү болду. Артында өлбөс-өчпөс ырлары, өрнөк өмүрү калды. Буга да каниет», – дейм өзүмдү сооротуп.

Көлөмгө байланыштуу кыскартып койдум, баса. Болбосо, Заке тууралуу айта турганым өтө көп эле. «Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн» деген кыргыздын даанышман сөзүн эске алып, «биз өңдүү көзүн көрүп, сөзүн угуп, жанаша жүрүп калган замандаштары тирүү турганда Закенин аты өчө койбос» деген изги тилек менен эскерүүнү аяктадым. Алдыда дагы далай макала жазарбыз. Азырынча бул жагына көз чаптыра туруңуз, окурман!