Марал Радиосу

Наманган шаары Бишкекке 500 миң түп гүл белек кылды

Өзбекстандын Наманган шаарында эл аралык гүл фестивалы болуп өттү. Ага Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров да барып катышты.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Наманган шаарынын мэриясы Бишкекке 500 миң түп гүл белек кылган. Эми аны 100 багбан Өзбекстандан шаардын гүлбакчаларына келип отургузат.

Бишкек мэринин Наманган шаарына жасаган визитинде, эки шаар ортосунда жашылдандыруу боюнча келишим түзүлгөнү айтылды.

Наманган шаарындагы гүлдөр фестивалы 1961-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жылы 60 миңдей гүлдүн түрү жарманкеге коюлду. Фестивалды өткөрүү үчүн 16 млн түп гүл отургузулган.