Марал Радиосу

ЕАЭБте өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 26-майда Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун алкагында Агрокөргөзмө уюштурулду.

Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары көрсөтүлдү.

Биримдикке мүчө Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Армения жана Орусия мамлекеттери жергиликтүү товарларын көргөзмөгө коюшту. Анда азык-түлүк, айыл чарба техникалары, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн жабдуулар жана башка буюмдар бар.

Көргөзмө саат 9:00дөн 18:00гө чейин өтөт.