Марал Радиосу

Жумгалда судья жана прокурордун орун басары пара алууга шектелүүдө

Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК жана Башкы прокуратура тарабынан иликтенген кылмыш ишинин алкагында, Жумгал райондук сотунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. опузалап пара алууга шектелип, кармалды.

23-майда Жумгал райондук сотунун судьясы А.А.М. ге карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча иш козголду.

Кармалгандар Жумгал райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн Х.Д. аттуу жарандан опузалап акча каражатын талап кылышкан.

Ал эми прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.