Марал Радиосу

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 10го жакын документке кол коюлду

Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын  президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуусунун алкагында эки өлкө ортосунда бир катар документтерге кол коюлду.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин, аларды мындан ары өнүктүрүү, ынтымакты бекемдөө максатында бир катар документтерге кол коюлуп жатканын белгилешти.

Кыргызстандын айыл чарба, экономика, билим берүү, маданият, транспорт, юстиция, тышкы иштер министрликтери жана Ош, Ысык-Көл облусунун губернаторлору кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту.