Марал Радиосу

Балбак Түлөбаев: Транспорт министрин сагындык

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев айрым министрлердин парламент жыйындарына келбей жатканын сындады.

Ал Жогорку Кеңештин 26-майдагы жыйынында Чоң-Кемин улуттук паркына кеткен жолдун акыбалы тууралуу маселе көтөрдү. Ал туристтик жол, бирок бомба түшкөндөй абалда турарын айтты.

«Илгери биз окуп жүргөндө ата-энебизди сагынганда кат жазчу элек, аларды бир жылда бир көрөбүз. Азыр Транспорт министринин аты-жөнүн да билбейм, өңүн да көргөн жокпуз, урматтуу транспорт министри, биз сизди сагындык. Жогорку Кеңешке келип, өңүңүздү көрсөтүп койсоңуз жакшы болот эле. Же кат жазалыбы?» , — деди депутат.

Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, кээ бир министрлердин парламент жыйындарына келбей жатканын, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун да өңүн унутуп баратканын айтты.

Балбак Түлөбаев мындан тышкары, Тоң районундагы «Туз көлдү» алган ишкер уникалдуу жайды иштете албай жатканын сындап, өзү жакшы шарт түзө албагандан кийин элге кайра кайтарып берүүсүн талап кылды.

Транспорт жана коммуникациялар министри учурда Эркинбек Осоев. Ал бул кызматка 2021-жылдын август айында дайындалган.

Дагы бир депутат Ырысбек Атажанов Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин да парламент жыйындарына келип, суроолорго жооп бербегенин сындады.