Марал Радиосу

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жүрүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Евразиялык экономикалык биримдиктин пленардык жыйынына өлкө лидерлери видеоконференция аркылуу да катышат.