Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын 600 миллион адам, тагыраагы, планетанын ар бир 10чу жараны химиялык заттар жана микроорганизмдер менен булганган тамак-аш азыктарын колдонуунун кесепетинен түрдүү ооруларга чалдыгат. Бул көйгөй Кыргызстанга да тиешелүү. Анткени өлкөдө оорулуулардын саны абдан көп жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү кооптуу абалда.
Калктын негизги көйгөйлөрүнүн себеби сапатсыз тамак-аш менен байланышкан. Буга байланыштуу Айыл чарба министрлиги, Өкмөт жана Эл аралык уюмдар бул маселени колго алып, элди сапаттуу жана экологиялык таза азык-түлүк менен камсыз кылууга көңүл буруп, өлкө аймагында органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн форум өткөрдү.
Кыргызстанда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү пикир алмашуу үчүн чогулушту. Алар органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү аныктоого аракет кылышты.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков органикалык айыл чарба — бул Кыргызстандын келечеги деп эсептейт. Анткени калктын ден соолугу органикалык азык-түлүктөн көз каранды.
Кыргызстанда оорулардын 50%дан ашыгы жүрөк-кан тамыр системасы, онкологиялык оорулар менен байланышкан. Ар бир 76чы наристе бир жашка чыкпай туруп, чарчап калууда. Салыштырып карасак, коңшу Казакстан менен Орусияда бул көрсөткүч кыйла төмөн. Ал эми Японияда ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 13 эсе төмөн. Булардын баары туура эмес тамактануунун натыйжасы экенин адистер айтышат, себеби бүгүн жарандар сапатсыз өнүмдөрдү колдонууга аргасыз болууда.
Министр бул кырдаалды эске алганда, өлкөдө органикалык дыйканчылыкты сөзсүз өнүктүрүү зарылчыгына токтолду.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 12 органикалык аймак жана 120 фермердик чарба ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми 2 чарба субъектиси органикалык азык-түлүктү экспорттоп жатат.
Органикалык федерация кыймылынын аткаруучу директору Искендербек Айдаралиев, бул тармакты өнүктүрүү боюнча демилгелер сөз түрүндө калып ишке ашпай келгенин сындады. Ал комплекстүү, системалуу иш-чаралар аткарылышы керектигин белгилейт:
Кыргызстанда 2017-2021-жылдарга карата органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган. Тилекке каршы, айылдык ишкерлердин айтымында, бул документте белгиленген көйгөйлөр чечилбей келет. Мындай кырдаалды талдап, көйгөйлөрдү чечүүнүн максаттарын жана жолдорун картага түшүрүү зарыл. Бул өлкөнүн жаңы стратегиялык документтеринде чагылдыруу керек.
Айыл чарбаны колдоо борборунун директору, ишкер Эрлист Акунбеков органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүдөн мурда дайкандарды ойлоп, алардын таба турган пайдасы унутта калбаш керек деген ойдо. Анткени органикалык өсүмдүктөдү өстүрүү — бул дыйкындар үчүн бизнес.
Бирок органикалык айыл чарба салттуу айыл чарбага караганда өндүрүштү азыраак берет. Ага карабастан дыйкандардын капчыгына таасир тийгизбей турганын түшүндүрдү.
Ошондой эле дыйкандар өндүргөн продукцияны кайсы жакка сатарын билбей каларын айтты.
KOICA агенттиги тарабынан 2019-жылдан 2023-жылга чейин 5 жылдык мезгил аралыгында Кыргызстанда «органикалык чарба саясатын ишке ашырууну колдоо жана фермерлердин потенциалын жогорулатуу» долбоору ишке ашырылууда. Азыркы тапта Ысык-Көлдө фермерлердин потенциалын жогорулатуу үчүн пилоттук айылдар тандалып алынды. Бул тууралуу KOICA агенттигини жетекчисинин орун басары Хон Ынхве билдирди.
«Биз бул долбоордун жардамы менен органикалык стратегия бекемделээрине ишенебиз. Биздин максатыбыз бул тармактын адистерин колдоо болуп саналат. Ошондой эле кыргыз фермерлеринин кирешелери жогорулайт деп үмүттөнөбүз».
Учурда өлкөдө, органикалык стандарттар боюнча, 32,8 миң гектар айдоо аянты бар. Адистердин айтымында, бул өтө эле аз.
Органикалык айыл чарба менен алектенем деген дыйкан алгач министрликке кайрылып билдирме калтырышы керек. Андан кийин өз айдоо аянтын даярдап, 3 жыл ичинде эксперттер тарабынан текшерүүдөн өтүшү керек. 3 жылдык текшерүүдөн өтүп, кыртыштын сапаты тастыкталгандан кийин гана фермер аталган жерде органикалык айыл чарба менен алектенүүгө укук ала алат.