Марал Радиосу

«Кумтөргө Голд Компаниге» коюлган экологиялык доо, Кыргызстандын моюнуна «илинди»

Бишкек шаардык соту 24-майда «Кумтөргө» коюлган 261 млрд сомдук доону жокко чыгарды. Өткөн жылдын май айында төрт жарандык активист «Кумтөр Голд Компанинин» үстүнөн Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылышкан. Өткөн жылдын 7-майында Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөрдү» Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Соттун «Кумтөрдүн» экологиялык зыяны жок деп чыгарган чечими ар түрдүү суроолорду жаратууда.

Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдиргендей, 24-майда Бишкек шаардык соту «Кумтөр» ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган 261,7 млрд. сом айыпты жокко чыгаруу боюнча апелляциялык арызды карап, Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды.

2021-жылдын май айында жарандык активисттер Наристе Калчаев, Айбек Сарыбаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов «Кумтор Голд Компанинин» үстүнөн Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылышкан.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Компания бир жылдан соң Бишкек шаардык сотуна кайрылып, биринчи инстанциянын чечимине каршы даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүсүн өтүнгөн. Быйыл 19-майда шаардык сот өтүнүчтү канааттандырган.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» алтын кени Кыргызстанга толук жана биротоло өткөнүн, «Центерра» менен болгон талаш-тартышты жыйынтыктаган акыркы чечимге кол коюлганын, алар АКШда, Швецияда жана Канадада Кыргызстанга каршы козголгон бардык соттук териштирүүсүн жана дооматын токтото турганын жар салып, жалпы элди улуттук кызыкчылыктын корголуп калышы менен куттуктаган.

Саясий эксперт Айданбек Акматов «Кумтөр» алтын кенинин экологияга байланышту соттун чечимин саясий чечим деп эсептейт жана аны буга чейин жетишилген келишимдердин негизинде аткарылып жатканын айтат.

«Бул жерде логикага сыйымдуу эле иштер болуп жатат. Биринчиден, «Кумтөргө» ошончолук экологиялык доо коюп жатканда, кыргыз тарап «»Центерраны» айыпка жыгабыз, Кыргызстандын буга чейинки жоготкон зыяндарын калыбына келтиребиз» деп «Кумтөрдүн» айланасында «Центерра» менен күрөш жүрүп жаткан. Учурда «Кумтөрдү» Кыргызстан өзүнө алгандан кийин, Кыргызстан өзүнө-өзү доо кое албайт. Бул Канада менен  жаңыдан жетишилген келишимдеги эң чырдуу жагдай мына ушул. Эми экологиялык бүт оорчулуктар жана кесепеттер Кыргызстандын өзүнүн мойнуна жүктөлөт. Ошондуктан булар «Центерра» менен келишим түзүп жатканда «экологиялык доону алып салабыз, бирок «Кумтөрдү» өзүбүзгө алабыз» деген келишимдеги өзөктүү маселе бар. Мына ошонун негизинде биздин соттор дагы экологиялык доодон баш тартырган чечимди чыгарып жатат. Бул таза саясий чечим».

Экологдор «Күмтөрдү» иштетүүдөн 2 млрд тонна калдык калганын эскертип келишет. Ал калдыктар эң уулу заттардан турат жана  кооптуу абалда. Учурда аны рекультивация кылуу маселеси турат. Буга чейин «Центерра» да жасай албасын айтып, кантип рекультивация кылбай туруп, чыгып кетүүнүн айласын издеп жүрүшкөндүгү айтылып келет.

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков «Кумтөр» боюнча акыркы окуяларды көп жактуу караш керектигин белгилейт.

Анын айтымында, экологияга байланыштуу чечимдин негизинде «Кумтөрдү» Кыргызстан өзүнө өткөрүп алууга жол ачкан. Ал эми азыркы аракеттер «Центерра» менен жыйынтыктоочу келишимге кол коюу аракети.

«Апрелде болгон “Центерра» менен Кыргызстандын ортосундагы келишимде эки өлкө тең милдеттенмелерди алган. Буга чейин кенге байланыштуу иш козголгон болсо, аны жокко чыгаруу милдети. Ага белгилүү 45 күндүк, 90 күндүк мөөнөт коюлган. Ошол мөөнөттө маселелерди чечүүгө жетишип, баарын жөнгө салдык Канада тарапка бир дагы дооматыбыз жок деп айтышыбыз керек. Ошол эле учурда алар дагы өздөрүнүн акционерлери менен сүйлөшүп, Канаданын сотуна кайрылып чечимдин туура болуп жатканын айтып, Кыргызстанга өткөрүп берүүгө алар тараптан да доомат болбошу керек. Ошонун негизинде келишимге жыйынтыктоочу кол коюлат. Кол койгондон тартып гана бизге толугу менен өттү деп айта алмакпыз. Эми мындай жолго барбай турган болсок, келишим күчүнө кирбей калат дагы, «Центерра»  кайра бизге үстөмдүк кылып, бизге кайра өткөрүп бергиле, тапкан каражаттарды бизге кайтарып бергиле деген талапты коюп коюшу мүмкүн».

Өткөн жылдын 3-октябрында президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу «Кумтөр» боюнча түшүндүрмө берген. Анда “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында өткөн сүйлөшүүлөргө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, Кыргызстандан барган делегациянын курамында ошол кездеги Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер баргандыгын айткан.

Жарандык активист Наристе Калчаев «Кумтөрдү» Кыргызстанга алуу аракети башынан баштап эле бузулганын сынга алып, Бишкек шаардык сотунун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко кайрыла тургандыктарын билдирди.

«Бул процесс Женевага барганда бузулган. Анткени алар бүт соттук чечимди жокко чыгаруу боюнча милдеттенме алып алышкан. Биз өкмөттүн атынан эмес, элдин атынан сотко бергенбиз. Булар ошол милдеттенмесин аткарды. Бул мыйзам бузуу деп эсептейм. Одоно мыйзам бузуу менен ушундай келишимге барышкан. Алардын баары убактысы келгенде жооп берет, ага «макул» болуп жаткан президент дагы жоопкер. «Кумтөрдүн» арты менен келген бийликтин ушунча чыккынчылыкка барышы мен үчүн оор болду. Кумтөр менен келди эми туура жагына чечилет деп жатсак, келишимдин баарын мурдагыдан да зыяндуу кылууда. Анткени “Центеррадагы» 26% акциябыздан кол жууп жатабыз. Анын азыркы таптагы баасы 700 млн доллар турат. Акцияны сатуунун өзүнүн жол жобосу бар, кантип сатты, келишимди сурап жатыбыз, бере алышпайт».  

Президент Садыр Жапаров билдиргендей, 20 жылдын ичинде «Кумтөрдөн» мамлекет жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивиденд алып келсе, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болгон. Быйыл 500 млн долларга чейин киреше алуу пландалууда. Ошол эле учурда «Кумтөр» кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда.

Адистердин эсеби боюнча, жакынкы 10 жылда «Кумтөрдөн» кеминде 5 млрд доллардын тегерегинде киреше алууга болот, башкача айтканда, 160тан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат.

Exit mobile version