Марал Радиосу

«Теплые ключи» комплекси «Электр станцияларына» 15 жылга пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында жайгашкан «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплекси «Электр станциялар» ААКга мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Мындай чечим «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин мүлкүн сактоо, эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Аталган комплекс 1977-жылы энергетика тармагынын кызматкерлерин зыяндуу өндүрүштүк шарттардан реаблитациялоо, оорулардын алдын алуу, дарылоо жана эс алуу үчүн пайдаланууга берилген.

Белгилей кетсек, учурда «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин модернизациялоо, имараттарын жана курулмаларын талаптарга жооп бере тургандай деңгээлде кармап туруу зарыл. Ал эми аны тейлөө дагы эле «Электр станциялары» ишканасынын финансылык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version