Марал Радиосу

Өзгөн: Супа жайлоосунда дайынсыз болуп жаткан жигиттин сөөгү табылды

Ошто дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей,  22-май күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Коргон айылынын 17 жаштагы Т.К. аттуу тургуну Супа жайлоосунда жайылып жүргөн малды кароо үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

24-май түнү саат 01:00 чамасында баланын туугандары ӨКМге кайрылышкан.

25-майда издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар Үнкүр айылына барганда жергиликтүү тургундар жоголгон баланын сөөгү табылгандыгын билдиришкен.

Баланын сөөгү ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version