Марал Радиосу

Милиция унаа ээлерин телефон номерлерин калтырып кетүүнү суранат

Милициянын кайгуул кызматы Евразиялык экономикалык форумга карата айдоочуларды телефон номерлерин унаага калтырып кетүүнү суранат.

Кайгуул кызматынан билдиргендей, 26-27-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабылат.

Ал көчөлөргө мүмкүн болушунча унаа каражаттарын токтотпоого жана аргасыз токтотуу учурунда унаанын алдыңкы терезелерине уюлдук телефондун номерлерин калтырып кетүүнү суранат.

Номери жок болсо аргасыз эвакуатор менен жүктөп кетүүгө туура келет.

Ошондой эле «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын айылдардагы жашоочуларды ал күнү малды жолдон алыс багууну сунушташкан.