Марал Радиосу

Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү аба каттамы кайрадан жанданат

Ушул жылдын июнь айынан тарта Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү аба каттамы жанданат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай макулдашуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусунда макулдашылган.

Аталган каттам 2021-жылдын март айында эпидемиологиялык кырдаал курчуп, пандемиядан улам токтотулган.