Марал Радиосу

Иранда 10 кабаттуу имарат кулап түштү (видео)

Ирандын Хузистан облусунда 10 кабаттуу имарат кулап түшкөн. Маалыматтарга ылайык, 80дей адам урандылар астында калган.

Учурда урандылар астынан төрт адамдын сөөгү табылган. 25 адам жаракат алган. Бул тууралуу Ирандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Учурда жабыркагандарды урандылардын астынан куткаруу жана издөө иштери уланууда.

Маалыматка ылайык Ободон шаарынын Теленжи Амири кварталындагы «Ободон Метропол» бизнес-борборунда курулуп жаткан имарат кулаган. Азыркы тапта имараттын курулуш жетекчиси кармалган.