Марал Радиосу

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү дагы, көкпар дагы ойнолот

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү дагы, көкпар дагы ойнолот. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы кабарлады.

Көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама команда түзүлөт.

Маалыматка ылайык, көк бөрү курама командасынын жетекчиси Аскат Искендеров, машыктыруучусу Нурлан Мамбетов жана физикалык машыктуруучу болуп Урмат Мусаев дайындалды.

Ал эми көкпар боюнча курама команданын жетекчиси Мыктыбек Туташов, машыктыруучу Тилек Урманбетов жана физикалык машыктыруучу Максат Кыйдыбаев дайындалды.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Түркиянын Изник шаарында өтөт.