Марал Радиосу

Жалал-Абадда сел каптаган аймактарды тазалоо иштери жүрүүдө

21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам, Аксы районундагы бир катар айыл өкмөттөрүндөгү ички жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жайдын короолорун кокту колоттон чогулган суулар каптаган.

Учурда, табият кырсыгын жоюу үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана жарандык коргоонуу кызматтары тартылып сел жүргөн аймактарды тазалоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

21-майда Аксы районунун Кара-Башат айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, окуя болгон жерге ӨКМдин райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Быйыл жыздын келиши менен өлкөнүн түштүк тарабында жаан каттуу жаап, аймактарды сел каптаган учурлар көп болууда.