Марал Радиосу

Оштун вице-мэри таза суу боюнча: Ушунча чыдадык, дагы бираз сабыр кылалы (видео)

Ош шаарынын кичи райондоруна атайын автоунаа менен таза суу жеткирилип жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Фейсбуктагы видео кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, кечээ Папан суу сактагычына сел суулары агып, Ак-Буура дарыясындагы суу ылайлангандыктан Ош шаарына таза суу берүү токтотулган.

«Үч күн суу болбойт» деген маалымат туура эмес, суу жамгыр токтосо берилет. Азыр бир ар бир жарым саат сайын суунун анализин алып жатабыз, кечке чейин таза суу беребиз. Бул 20 жылдан бери келген чоң көйгөй, июль аыйнан баштап курулуш иштери башталат. Эми ушунча чыдадык, бираз сабыр кылып туралы. Кийинки жылдан, бул долбоорду бүтүрүп, шаарыбызды 80% таза суу менен камсыз кылабыз», — деди Жунусбаев.

Шаардыктарды таза суу менен камсыз кылууда түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу «Ош шаардык суу канал» ишканасы кичи райондорго атайын унаа менен күнү-түнү таза суу жеткирип турат. Арызды төмөнкү байланыш телефондору аркылуу калтырууга болот: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105.